Үч бала, бир кыз. Бишкекте Кытай жаранын тоногон топ кармалды

Бишкекте Кытай жаранын тоноого шектүү топ кармалды, алардын үчөө балдар, бирөө кыз. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаада Ф.Ю. аттуу Кытай жаранын 10-майда саат 21:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнө кирип бычак менен коркутуп, тоноп кетишкен. Каракчылар 35 000 сом жана 1000 юан алып кетишкен.

Милиция ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөрдү кармаган: 19 жаштагы У.У., 18 жаштагы К.А., 20 жаштагы К.А. жана 20 жаштагы М.А.

Алар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru