Үч балалуу үй-бүлө үйсүз калды

Бакай-Ата жаңы конушунда үч балалуу үй-бүлөнүн үйү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине жабырлануучу Жылдыз Кулжабаева билдирди.

Анын айтымында трагедия 17-ноябрга караган түнү болгон. Өрт мунай жылыткычтын жарылуусунан келип чыккан. «Биздин үч балабыз бар. Кудайга шүгүр бардыгы аман-эсен. Бирок кийим-кече, документтер, акчадан эч нерсе калган жок. Кандай гана формада болбосун биз жардамга муктажбыз. Азыр биз классташтын үйүндө убактылуу жашап жатабыз», – деди Жылдыз Кулжабаева.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru