Үч депутаттын кол тийбестигин карачу комиссия түзүлдү

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында камактагы депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигин кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамында 7 депутат кирди. Тизмеге «КСДП» партиясынан Евгения Строкова , «Республика-Ата-Журттан» Авазбек Абдугапаров, «Кыргызстан» фракциясынан Канатбек Исаев,  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Тазабек Икрамов, «Бир Бол» фракциясынан Мамасадык Бакиров, «Ата Мекен» партиясынан Эмил Токтошев жана «Кыргызстан» фракциясынан Алмаз Токторов.

Комиссия түзүү боюнча токтом долбооруна жалпы 62 депутат макул болду. Түзүлгөн комиссия үч депутат боюнча алып барылып жаткан ишти карап чыгып, кортундусун палатага алып келет. Андан соң депутаттар чечим чыгарышат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров «Кумтөр» иши боюнча камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле Бактыбек Жетигенов 2022-жылдын 26-январына чейин камакта калтырылган. Ал шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, бийликти күч менен басып алууну пландаштырган деп шектелүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru