Үйү жок Кайрат өкмөт берген жардамды муктаждарга бөлүп берет

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты билдирди:

“Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздердин ыкчам жардамыңыздар менен бүгүн Кайрат мырзага жолуктук. Алгач сиздердин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы.  Кайрат мырзанын ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи ирээт жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Кызматкерлерим тарабынан өзү сураган жерине жеткирилди. Өздүгүн тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз. Бардыгыңыздарга ыраазычылык. Бишкек шаарында абал туруктуу жана биздин көзөмөлүбүздө”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru