Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара менен кармалды

Каракол шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы билдирди.
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.
Маалым болгондой, кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.
