Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чаралары жаңы мыйзам талаптарына ылайык кайрадан жөнгө салынууда

Жогорку Кеңеште Жоруктар жөнүндө кодекстин жана Жазык-процесстик кодекстин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн 6 жыл ичинде соттор тарабынан каралган жазык иштеринин саны өскөндүгүн көрсөттү. Бул үй-бүлөлүк зомбулук көбүрөөк криминалдашып бараткандыгын, анын кесепети адамдын ден соолугу жана өмүрү үчүн оор экендигин, анын ичинде үй-бүлөлүк чыр-чатактын негизинде адам өлтүрүүгө барып жаткандыгын күбөлөндүрүп турат.

Мындай жосундарды жасаган адамдарга карата Жоруктар жөнүндө кодексте тийиштүү жаза чаралары каралган. Ошондон улам, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

– Жоруктар жөнүндө кодекстин 76-беренесине ылайык келтирүү максатында мыйзамдын бардык текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү “коргоо ордери” деген сөздөрдүн алдына тиешелүү жөндөмөдөгү “убактылуу” деген сөздөр менен толукталат;

– мыйзамдын бардык текстиндеги администрациялык жоопкерчиликке, администрациялык өндүрүшкө жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске болгон шилтемелер алып салынат;

– түрдүүчө окууларды жоюу үчүн калыптоо бөлүгүнө редакциялык түзөтүүлөр киргизилет.

Ошондой эле, мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер менен алардын кызмат адамдары улуттук мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартыларын белгилөө сунушталууда.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-2018-жылдар аралыгында 2415тен 7114кө чейин өсүп жеткен. Сот тарабынан каралган үй-бүлөлүк зомбулук боюнча администрациялык укук саны 2012-жылы 716 болсо, 2017-жылы 2547ге жеткен же 3,6 эсеге өскөн. Ал эми 2019-жылы 7045 жосун катталса, анын ичинде 649 кылмыш иши гана сотко өткөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru