Үй канаттуулар H5N8 тумоосунан кырылууда. Индия эпидемиялык эскертүү берди

Индиянын 5 аймагында куш тумоосунун учурлары байкалган соң жалпы өлкө боюнча эпидемиялык эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлайт.

Экология министрлиги аймактардан эпидемиянын үй жаныбарларына жана үй канаттууларына жайылышына жол бербөө үчүн катуу чараларды көрүүнү суранды. Харьяна аймагына караштуу Панчкула шаарындагы жетекчилер, эпидемияга кабылды деп болжолдонгон 350 миң үй канаттуусунун кырылганын кабарлашкан.

Химачал Прадеш аймагында 2400дөн ашуун каздар H5N8 эпидемиясынан кырылганы маалым болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.