“Үйлөрдү дезинфекциялайбыз”деген беткапчандарга ишенбегиле

Кээ бир адамдар бет капчан “үйлөрдү дезинфекциялайбыз” деп кыдырып жүрөт деген маалыматты Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев четке какты. Анын айтуусунда, дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, дезинфекциялоо иштерин жүргүзгөн жок.

“Үй тазалайбыз” деген беткапчандарды киргизбегиле. Дарыгерлер үйлөрдү дезинфекциялоого чыккан жок. Зарылчылык жаралса, атайын даярдалган дарыгерлер барат. Аларда сөзсүз дарыгер экенин далилдеген документи болот. Азыркы учурда биздин медициналык кызматкерлердин атайын жөнөтүлгөн дарыгер экенин көрсөтүш үчүн жаңы механизм иштеп жатабыз. Учурдан пайдаланып жоопкерчилиги жок адамдар кылмыш кылууга аракет кылып жатышат. Мындай учур катталса сөзсүз милицияга кайрылгыла”.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru