народный

“Үмүт 2020”: Ширин Айтматова, Улан Үсөйүн гей-парадга катышты

Бүгүн, 8-мартта “Феминисттер” кыймылынын лидери Алтын Капалова Жеңиш аянтына ЛГБТ өкүлдөрүнүн жүрүшүн уюштурууга аракет жасады. Алар, “биз ар түрдүүбүз, биз тең укуктабыз”-деген ураандар менен чыгышты.

ЛГБТ өкүлдөрүнүн жүрүшүнө “Үмүт” кыймылынын лидери Ширин Айтматова, #Реакция кыймылынын мүчөсү Улан Үсөйүн катышты.

Жүрүш башталганга чейин эле шаар тургундары, калпак кийген жигиттер келип тоскоолдук жаратышты. Алар, гей-лесбиянкаларды тарап кетүүгө мажбурлап, эки тараптын ортосунда тирешүү пайда болду. Чыр-чатак башталганда Милиция кызматкерлери келип, коомдук тартипти бузгандарды салып кетти.

Алтын Капалова 2019-жылы, 8-мартта алгачкы жолу өткөн гей параддын уюштуруучусу, Г.Айтиев атындагы музейде жылаңач аялдардын көргөзмөсүн уюштурган активист катары таанымал.

Улан Үсөйүн – 2019-жылдын 8-мартында өткөн гей парадды баштап чыгып, ошондон тарта ЛГБТ өкүлдөрүн коргоп келет. Ал, басылмалардын бирине “…кыргыз жигиттери кыздарды сыйлаганды билбейт, караңгы, маданиятсыз…” деген таризде маек берген. Акыркы жолу Бишкекте өткөн #Реакция деген аталыштагы митингди алып барган.

Ширин Айтматова- “Үмүт 2020” кыймылынын лидери. Өзүн коррупция менен күрөшкөн адам катары таанытууга аракет жасап келген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru