Үмүт Мукамбетова, журналист: Экономикабыз аксап турган учурда мамлекетке Ахматбек Келдибековдой инсандар керек

Акматбек Келдибековду ондогон жылдардан бери жакындан билем. Ал мамлекеттик кызматтарда иштегенде өз ишин так аткарган  кызматкер катары мага эле эмес, жалпы кыргыз журтчулугуна белгилүү. Өкүнүчтүүсү, акыркы жылдары коомчулуктун канына сиңип бараткан көрө албастыктын запкысын бул киши да тартты. Эмнегедир ишине бут тосуулар да болду. Ага карабай ийилсе да сынбай, бүгүн да калкы менен калың катышта.  Тагыраагы, коомдук ишмер катары эл менен байланышын үзгөн жок.

Буга бир мисал, кыргыздын башына кандай иш түшпөсүн чыгаан жигиттердин, эр азаматтардын арасында өз жардамын элден аяган жок. Барга көппөй, жокко чөкпөй кээ бирлердей болуп атасынан калган байлыка чиренбей эң ылдыйкы тепкичтен бүгүнкү деңгээлге көтөрүлдү.  Экономикабыз аксап турган учурда  мамлекет Ахмат мырзадай иш билги инсандарыбыздын тажрыйбасын колдонуп, кеңешин уксак жакшы жыйынтыгын бермек. Келдибеков экономиканы жакшы өздөштүргөнүн эсеп палатасында иштеп турганда далилдеген.

Изготовитель:«Koom.press» Адрес: г.Бишкек, проспект Манаса №64. Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык» (Видео) Изготовлено: « 25 ноября 2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru