Үмүттүн шооласы үзүлбөйт… Шайлоолоруң шайды оодарчудай

Канчалык эл арасын дүрбөлөңгө салып, кары-жашына, ага-ини кандаштыгына карабастан каршылаш кылып (убактылуу болсо да), саясат менен жеке кызыкчылыкты жалгаштырган, эң таасирдүү жана жоопкерчиликтүү саясий өнөктүк — ​ЖКга депутаттарды шайлоо жөнүндө мурда-кийин азын-оолак айткан болсом, бул сапар кичине эле кыстырма.

Бүгүнкү күндөн (04.09.20-ж.) тартып Жогорку Кенешке депутаттарды шайлоо иш чаралары ыйгарымдуу түрдө өз ишин баштабадыбы. Буга чейин эки-үчтөн чогулуша калганда анча-мынча ачыгыраак сүйлөшүп келген болсок, эми шыбырашканга өтөбүз. Бири-бирибизге сырдуу карап кылыйып — ​“тигил партия минтип, ал партия антип атыптыр” деген сыяктуу божомолдуу түстүү боёктогу сөздөр эл арасын эриктирбей, шайлоо бүткөнгө чейин эрмек болоору бышык дечи.

Шайлоо “шыбыр-күбүрү” күчөгөн сайын Covidден корккондордун саны кескин кыскаргандай түр көргөзүп, эл ичи кадимкисиндей тирлик кылганга өтүп, жандагандай боло түшкөнсүдү. Кудайым эле сактагай эле.

Мындайда өзүң деле тим жата албайт экенсиң, тиги дос, бу дос менен дегендей, баарлашууга көпүрө болчу жалпыбыздын жан жолдошубуз чөнтөк телефону аркылуу баарлашып атып, өзүм үчүн бир кичинекей “ачылыш” жасап алдым көрүнөт.

— Ии ооба, ошол эле шайлоо тууралуу. Бул сапар баягы байма-бай “эрөөлгө” чыгып жүрчүлөр, эл үмүтүн актоонун жаңы ыкмасына өтө турган баштанып калышыптыр. Убакыт мезгилиң улам алдыга илгерилеген сайын, же шайлоодон-шайлоого чейин дейбизби, депутат болом деген “абройлуу” инсандардын “акактай” таза экендигин шайлоочулар алдында далилдөө кыйын болуп баратат имиш. Себеп дегенде, алардын көпчүлүгү бир эмес, эки-үч жолудан депутат болууга үлгүрүшкөн экен. Ошондуктан бул оор акыбалдан чыгып кетип, жеңишке жетиш үчүн колдон келген, керек болсо “тыйуу салынган” (саясат деле спортко окшошуп баратпайбы) ыкмаларды да колдонуша тургандай кебетеленип калышкандай көрүнөт. Кызыгың түшкүр!

— Эгер сен эл көзүнө буга чейин “бүркүт” болуп жүрүп, эми “карга” көрүнүп калсаң, конкурентиңди коркпой эле “сагызган, же сасык үпүп” дей бер. “Алдамчы” десе, аны сен “алып жутар — ​жалганчы”, деп айт. Антпей койсоң эле жеңилесиң. Сөздүн ток этер жери — ​караламай жана дагы караламай (черный пиар)! Эмнеси бар, болгону сен бактылуу болгуң келип атат, ар ким өз бактысы үчүн күрөшүүгө укуктуу…

Бул өтө жоопкерчиликтүү саясий өнөктүктү уюштуруп өткөзүүчү аткаминерлердин айтуусу боюнча, элибиздин саясий деңгээли бышып жетилди жана такшалды, эми татыктуулар гана шайланат, кооптонууга себеп жок, деген “ич жылытарлык” ишенимдүү убадаларын айтып келишпедиби.

Кандай болгон күндө да убакыт көргөзөт. Баарын өзүбүз кылаарын-кылып койуп, анан “оозубузду кармап” калган адатка көндүм деле болуп калбадыкпы.

Бир акылман айтат дейт: “Баары эле заманын өзгөртүп ийүүнү каалайт, бирок эч кимиси өзгөргүсү келбейт”. Бизде эле ушундайбы, же…?

15- ​сентябрь, 2020-ж.

Булак: “Жаӊы Ордо”

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru