Үрүмчүдөн келген кырызстандык студенттер милдетүү карантинден чыкты

Кечээ, 26-февралда Үрүмчүдөн келген кырызстандык 40 студент 14 күндүк милдеттүү карантинден чыкты. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып үйлөрүнө чыгарылганын саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, карантин убагында студенттер эки жолу анализ тапшырышып, коронавирустун симптомдорун аныкталган жок. Ошондой эле карантин учурунда алар менен медициналык кызматкерлер гана байланышта болуп турду.

Эске салсак, 13-февралда Үрүмчүдөгү кыргызстандык студенттер атайын автобустар менен Алматыдан Бишкекке жеткирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru