Үрөй учурган жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды (ВИДЕО)
Жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусу видеого түшүп калган. Аталган жол кырсыгы Казакстандын Самара-Шымкент автожолунда катталган. Каргашалуу окуя ишемби күнү, 15-январда болгонун Tengrinews.kz жазып чыкты.
«Кызылорда облусунун 31 жаштагы тургуну башкарган Mazda MPV үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Венгриянын 44 жаштагы жараны айдап бараткан VOLVO жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Ал Венгриядан Ташкентке дары-дармек ташып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Mazda MPV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 7 жүргүнчү ошол жерден каза болгон», — деп билдирди Кызылорда облусунун куткаруу кызматынан.
Жерине эки атайын техника, 8 куткаруучу барган.