Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы баласынан энеси баш тартты

Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы баладан энеси баш тартты.  Бул тууралуу баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров  билдирди.

“Рамазандын апасы Эркайым баланы  чоң апасына тапшырды.  Эми чоң апасы Рамазандын расмий  камкорчусу болуп эсептелет. Азыр  эч кандай коркунуч жок, ага  дагы деле болсо камкор адамдар  тамак-аш, оюнчуктарды жөнөтүп турушат. Чоң рахмат.” – деди ал.

Белгилей кетсек, Абдыкапаров баланын жана анын энесинин кызыкчылыгын коргоп келген. Бирок, эне баланы сабаган күйөөсүн  кечиргенден кийин, жактоочу  анын кызыкчылыгын коргобоону чечкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.