народный

Өгөй атасын балта менен өлтүргөн шектүү кармалды

Аламүдүн районунда өгөй атасын өлтүрүүгө шектелген эркек адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун басма сөз кызматы билдирди. 22-октябрда таңкы саат 4төр чамасында Аламүдүн районунун ОВД нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Бул факт боюнча тергөө тобу жиберилген. Милиция 21-октябрда спирт ичимдиктерин ичип жаткан учурда үйдүн ээси 65 жаштагы К.А. жана аялынын биринчи турмушунан уулу экөөнүн ортосунда мушташ болгон. Натыйжада өгөй бала үйдүн ээсин балта менен бир нече жолу урган. Алган жаракатынан улам адам эсине келбей, ошол жерден көз жумган. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча КЖБРда катталган. Бул кылмышка шектелип, 30 жаштагы С.К. кармалды. Ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Учурда бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru