Өгөй уулун мыкаачылык менен сабаган атанын өздүгү аныкталды-(ФОТО)


Сокулук районунда «Поле чудесте»  өгөй атасы алты жаштагы өгөй баласын сабап салды.  Бул тууралуу Facebook колдонуучусу Индира Алымбаева билдирди.

Маалыматка караганда, баланын апасы  кечинде короодо жүргөн, уулунун кыйкырыгын угуп,чуркап барган.  «Үйгө чуркап барса, мас күйөөсү уулунун үстүндө отуруп, аны сабап жатыптыр.  Ал күйөөсүн түртүп жиберип, уулун алып качып кеткен.  Алар «102» кызматына чалып, беш саат күтүштү, бирок келишкен жок.  Эртең менен  балдар ооруканасына барышты, текшерүү учурунда дарыгерлер милиция чакырышкан.  Баары жазылды.  Боюнан түшүп калуу коркунучу менен (анын тогуз айлык боюнда бар)  баланын апасы ооруканага жаткырылды, ал эми бала жалгыз жатат, анын денесинде көптөгөн гематомалар бар, баш мээси чайкалган, бир көзү кансыраган. БаланынБаланын аты Рамазан, ал болгону 6 жашта. Өгөй атасы  жактоочу жалданган, анын таасирдүү тааныштары бар.  Баланын апасы болгону  25 жашта. Сабаган адам 1987-жылы төрөлгөн Байтемиров Азамат Кудайбергенович», – деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru