Өкмөт: “Өлкөгө 5G мобилдик толкун жайылтылат”

Бул тууралуу вице-премьер министр Равшан Сабиров билдирди:

“Телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт», – деди вице-премьер-министр

Leave A Reply

Your email address will not be published.