народный

“Өкмөт башчы болууга даярмын, 7 айдын ичинде өкмөттү бутуна тургуза алам” Акылбек Жапаров өзү тууралуу сөздөргө жооп берди

Мындай пикирин “Коом press” сайтына эл өкүлү өзү билдирип, “Учурда сиз жөнүндө  өкмөт башчы болот экен деген имиштер чыгууда? Эгер өкмөт башчы болуп калсаңыз мамлекетти канча убакытта бутуна тургуза аласыз?”-деген суроого жооп берди:

“Өкмөт башчы болууга көп жылдан бери даярданып келе жатам. Качан дайындаса ошондо баарына даярмын. Программам деле даяр.  Өткөндө өкмөт башчыга жолуккам, андай деле пландары жок болчу.  Эгерде өкмөт башчылыкты колума берсе алты жети айда мамлекетти бутуна тургуза алам. Кыргызстан кичинекей мамлекет. Бизде эмне жок же эмне бар экенин коронавирус ачык көрсөттү. Коронавирус менен күрөшкөндөй эле ылдамдык менен күрөшүп, ашыкча чиновниктерден арылып, чыныгы иштей ала турган команда менен 2 жылда алдыңкы катарга чыкса болот”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru