Өкмөт башчы чын эле арыз жаздыбы? Расмий жооп
Маалыматтын жалган экенин “коом press” сайтына өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди:
“Биз имиштерге түшүндүрмө бербейбиз. Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев учурда антикризистик чаралардын топтомунун үстүндө иштеп жаткан мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо менен алек. Бул иштердин алкагында ал тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилерин кабыл алып, экономиканын ар кыл тармактарындагы эксперттер менен консультацияларды жүргүзүүдө”-деди ал.