Өкмөт башчы эмне үчүн азык-түлүк түрүндө жардам берилгенин түшүндүрдү
Депутат Максат Сабиров, Жогорку Кеӊештин жыйында элге берилип жаткан жардамдарга кызыгып, “эмнеге азык-түлүк түрүндө жардам берип жатасыӊар, акчалай берсеӊер болбойт беле?”-деп суроо узатты.
Премьер-министр М.Абылгазиев, “биз элдин саламаттык коопсуздугун ойлоп, үйдөн чыкпай отургула деп өтүнүп жатабыз. Акча бергенге биринчиден бюджет керек, экинчиден акчалай жардам алган күндө деле кайра азык-түлүк сатып алганы көчөгө чыгышат. Көчөгө чыкпа деген принциптер бузалат”-деп түшүндүрдү ал.