Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады

Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады. Эгер ал кабыл алынса, аймакта салыктан жеңилдиктер болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 3-майда аймактагы Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушканда билдирди. Чечимге Марипов кол коюп, парламенттин кароосуна жиберилди.

Өкмөт башчы турак-жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үй курулаарын айтты.

“Баткен районунда 30, Лейлек районунда 70 турак-жай курулат. Комиссия эсептеп жатат. Суук түшкөнчө курулуш иштерин аякташыбыз керек”, – деди Марипов.

Leave A Reply

Your email address will not be published.