Өкмөт кант кызылчасынын калдыгы болуп саналган патокадан этанол даярдоо демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечи – Өкмөт.

Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев Кыргызстанда «Кайыңды кант» жана «Кошой» заводдору кант өндүрө турганын, анын калдыгы патока болуп саналарын эске салды. «Кара-Балта спирт заводу патоканы кайра иштетүүнү пландаштырууда. Анын калдыгынан этанол даярдаса болот», – деди ал.

Депутат Мирлан Бакиров биоотун чыгарылса, күйүүчү майдын наркы канчага арзандай турганына кызыкты.

«Азыркы учурда бензиндин баасы 40 сом. Эгерде ага этанол кошсок, анын наркы 3 сомго төмөндөйт, бензиндин күйүүсү да жакшырып, экологиялык жактан кыйла тазарат», – деди баяндамачы.

Андан тышкары, ушу тапта күйүүчү майдын суткалык керектөө көлөмү 1,5 млн литрди түзө турганы белгилүү болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru