Өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Бүгүн, 30-июнда премьер-министр Кубатбек Боронов жана Өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант беришти. 

Өкмөттүн ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Министрлердин баары эле ант берүү аземине катыша алган жок.

Коронавирус аныкталган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, аны менен байланышта болгон өкмөттүн аппарат башчысы — Таалайбек Темиралиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдор дагы ант беришкен жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.