народный

ӨКМ айдоочулардын жолго камданып чыгуусун эскертти

Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүп жаткандыгын билдирген ӨКМ айдоочулардын жолго камданып чыгуусун эскертти. Маалыматта 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгү кабарланган. Өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Аба ырайынын мындай божомолунан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы бузулган убакта автожолдорду көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын жүрүшүн кыйындата тургандыгын эскерткен. Республика ичинде тоодогу автожолдорго чыгууга камынган айдоочуларга ӨКМ төмөнкү чараларды эске алууну сунуштайт: ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндөгү маалыматын эске алуу; Тоодогу автожолдордо бара жатканда автокөлүктөрдүн ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо; Автоунааларды кышкы даярдыкка өткөрүү (дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыруу ж.б.у.с.); Аптечка, чынжырча, күрөкчөнү кошо ала жүрүү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru