ӨКМ: “Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаран мас абалында болгону аныкталды”

Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаран мас абалында болгону аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Чүй облусунун Токмок шаарында Жантаев көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдөн (толук курулуп бүтө элек) 1998-жылы туулган О.Д. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Токмок шаардык 3 куткаруучу, ИИМ жана “Тез жардам” кызматкерлери тартылган.Куткаруучулар секирем деген жаранды кармап калып, ылдый түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Өз жанын кыюуга аракет кылган жаран мас абалында экендиги аныкталган”, – деп жазылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru