Өктөм Мамаева, Кой Таш окуясында каза тапкан Үсөн Ниязбековдун апасы: “Силер Атамбаевди буздуңар десем, Карамушкина Атамбаев бизди укпайт болчу дейт”

 Кой-Таш окуясында каза тапкан жоокердин апасы Өктөм  Мамаева жергиликтүү  маалымат кызматтарынын бирине маек куруп бир нече окуяларды ачыктаган. Ал эмес, уулу каза тапкандан кийин  кайсыл бир иш чарада Атамбаевдин тарапштарына жолукканын да айтып өткөн. “Кундуз Жолдубаева болсо Гитлердин Евасындай болуп олтурду. Карамушкинага барып “Сен мени тааныдыңбы?” десем, “Жок, тааныбадым” дейт. “Санкт-Петербунгга барганыңда 3 жолу чай ичпедик беле. Мигранттар менен жолугушуу болгон жыйынды алып баруучу болбодум беле” десем, “Ой, сиз анда абдан сулуу болчусуз…” дейт. “Сенин да балаң өлсө сени да көрөт элем кандай болуп калганыңды… Азыр азапка батып, кыйналып турганымда көрүп жатасың. Сен мени жайнап турганымды көргөнсүң, ошон үчүн тааныбай жатасың да…” деп айтсам, “гезиттен окудум, менин көңүл айтуумду кабыл ал” деп көңүл айтат. Атамбаев Москвага барганда “Мен чет өлкөгө барып ден-соолугуму карайм” деген экен, Карамушкина баш болгон ушул аялдар “Иш жакшы жүрүп жатат. Аягына чейин чыгарабыз, койгон максатка жетебиз” дешип болбой коюшуптур. Ушундай болду беле? Силер Атамбаевди буздуңар десем, Карамушкина “Атамбаев бизди укпайт болчу” дейт. Асель болсо сөз кайтара алган жок”-дейт Өктөм айым.

 Эске сала кетсек Кой-Таш окуясында Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн барган  “Альфа” кызматынын балдары барганда Үсөн Ниязбековго ок тийип каза тапкан. Учурда бул окуяга күнөөсү бар делинип бир нече адам абакта сурак берүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru