Өлкө боюнча дагы 17 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

700×100 kyr

Сутка ичинде өлкө боюнча 17 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Жалал-Абадда 2, Ысык-Көл облусунда 3 жана Баткен облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 45 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 928 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 25 медкызматкер айыкты”, – деп кошумчалады Акматова.

- Advertisement -

Leave A Reply

Your email address will not be published.