Өлкө боюнча орус тилдүү 44 мектеп-интернат ачылып, Россиядан келген мугалимдер окутат

Кыргызстандын бардык аймактарына орус тилдүү 44 мектеп-интернатын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ал бул нерсе Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында макулдашылганын айтты.

“Билим берүү мекемелеринин курулуш иштери Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарына россиялык педагогдор тартылат”, — деди ал.

Кыргызстандын жети облусунда 40 район бар. Булак: Спутник

Leave A Reply

Your email address will not be published.