Өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталып, 3 турак үй толугу менен күйүп кеткен

Бир сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Балбан-Таймаш жаңы конушунда турак үйдүн 40 чарчы метр шыбы жана чатыры күйгөн. Ал эми, Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Турганов көчөсүндө жанаша салынган үч турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Кадамжай районунун “Баяман” базарынын унаа токтотуучу жайында “Портер” үлгүсүндөгү автоунаанын алдыңкы жагы жана салону күйгөн.

Жалпы өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru