Өлкөдө 439 эркек үй-бүлөлүк зомбулуктан улам Ак сакалдар сотуна кайрылган. Статистика

Кыргызстанда зомбулук, басым, ур-токмокко кабылып, анын натыйжасында атайы жардам берүүчү уюмдарга кайрылган жарандардын саны аз эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жардам сураган жабырлануучулардын арасында үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы көргөндөр басымдуулук кылат.

“Коом пресс” маалымат агенттиги Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, жардам сурап кайрылган жарандар боюнча статистикага байкоо жүргүзүп көрдү.

Мурунку жылга салыштырмалуу 2000 адамга көп жабылануучу жардам сурап кайрылган

2020-жылы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан качып, жардам сурап кайрылгандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу көп. Тактап айтканда, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7818 адам кайрылса, 2020-жылы 9692 адам жардам сурап арызданган. Атайы уюмдарга кайрылгандардын басымдуу бөлүгү аялдар.

Зордук-зомбулук көргөндөр эӊ көп кайда кайрылат?

Улуттук статистика комитетиндеги маалыматка таянсак, зомбулукка учураган жарандар эӊ көп үч уюмга кайрылышат. Алар:

-Ак сакалдар соту;

-Кризистик борбор;

-Кайрымдуулук фонду.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк басымга учурап, моралдык жана материалдык жардамга муктаждар көбүнчө кризистик борборлордун эшигин  кагышат. Мисалы, 2020-жылы 9692 адамдын ичинен 8670 адам кризистик борборго келип арызданган. Ак сакалдар сотуна 979, ал эми кайрымдуулук фондго 43 адам кайрылган.

2020-жылы канча эркек үй-бүлөлүк зомбулукка учурап, жардам сурап кайрылган?

2020-жылга карата жарыяланган статистикага ылайык, 1384 эркек үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан жардам сурап кайрылган. Бул өлкөдө эркектерге да үй-бүлөлүк басым, зордук бар экенинен кабар берет. Жабырланган эркектердин ичинен 439у Ак сакалдар сотуна чындык издеп барган.

2020-жылы канча аял жардам сурап, Ак сакалдар сотуна кайрылган?

 Өткөн жылдагы статистикада 8308 адам үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса, анын ичинен 540 аял Ак сакалдар сотуна кайрылган. Запкы көргөн аялдардын көпчүлүгү моралдык жана материалдык жардам алуу ниетинде кризистик борборго баш багары маалым болду. Белгилей кетсек, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка учураган аялдар эркектерге караганда дээрлик 8 эсе көптүк кылат.

“Үй-бүлөлүк зомбулук эӊ чоӊ көйгөй”

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жардам сураган жабырлануучулардын арасында үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы көргөндөр да арбын. Анткени жалпы зомбулук менен 13968 адам катталса , анын ичинен 9692 адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келгени белгилүү болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru