Өлкөдө 5 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Өлкөдө 5 миң 280 жаран коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 15-апрелге карата алынганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, акыркы суткада 1 миң 473 адам эмдөөдөн өттү. Жалпы эмдөө алгандар аймактар боюнча:

Бишкек шаары – 628;

Ош шаары – 502;

Чүй облусу – 514;

Ош облусу – 2 миң 144;

Ысык-Көл облусу – 340;

Талас облусу – 20;

Нарын облусу – 456;

Жалал-Абад облусу – 564;

Баткен облусу – 112.

Leave A Reply

Your email address will not be published.