народный

Өлкөдө быйыл кыш эмне себептен жылуу болууда? Кыргызгидромет жооп берет

Быйыл өлкөдө кыш мезгили кыйла жылуу болууда. Буга бир нече факторлор таасир этүүдө деп Кыргызгидромет билдирди.

Кыш мезгилинде атмосферанын жогорку катмарында антициклондук процесстер, жогорку басым, абанын төмөнкү температурасы үстөмдүк кылышы керек.

Бирок, атмосферанын жогорку катмары болгон тропосферада кыш мезгилинде боло турчу температурага салыштырмалуу бир кыйла жылуу аба үстөмдүк кылган.

«Быйылкы кышта декабрь айынын башынан январдын ортосуна чейин Борбордук Азиянын түштүк-батышынан келген жылуу аба массасы басымдуулук кылды. Ошондуктан республика боюнча абанын температурасы жылуу болгону байкалды. Бир аз жаан жаап, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кар жааган, бирок кардын калыңдыгы жана көлөмү нормадан аз болду», – деп билдирди синоптиктер.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru