Өлкөдө жылына 600 миң жуп бут кийим өндүрө турган фабрика иштеп баштады

Өлкөдө бут кийим чыгарган жаңы фабрика иштеп баштады . Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өндүрүш 2019-жылы иштеп баштап, инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллиард долларды түзгөн. Бут кийим ишканасы «Хейлунцзян» ЖЧКсынын буга чейинки долбоорунун каражатына ачылган.

«Өлкөдө бут кийим чыгарган мындай өндүрүштүн аналогу жок. Анда чыгарылган продукциянын көбү экспортко кетет. 40 пайызы Казакстанга жөнөтүлүп, жылына ишканада 600 миң жуп бут кийим өндүрүлөт», — деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, компания алдыда спорттук бут кийимдерди чыгарууну да пландап жатканын билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru