Өлкөдөгү 50 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору түзүлөт

 Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөрдүн театры менен М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында капиталдык ремонт иштерин баштоо, ошону менен катар алардан алыс эмес жерде жайгашкан балдардын маданий жактан эс алуусуна багытталган К.Жакыпов атындагы паркты жакшыртуу пландаштырылууда. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов президенттин кабыл алуусунда билдирди.

Ошондой эле ал өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм искусство музейинин музей фондун санарипке өткөрүү боюнча иштер улантыла тургандыгын кошумчалады.

Ушундай эле иштер Улуттук тарых музейи менен М.Фрунзе атындагы үй-музейде жүргүзүлмөкчү.

Музей фонддорун санарипке өткөрүү менен өлкөнүн бардык аймактарындагы тургундарга музейдеги экспонаттар жана маданий мурастар менен аралыктан таанышууга өбөлгө жаралат.

Ошондой эле министр өлкөдөгү 50 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору түзүлөрүн билдирди.

Аймактарда балдардын интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн борборлор жайгашкандай кылып китепканаларды кайра форматтоо мерчемделип жаткандыгын кошумчалады.

Президент балдарды колдоо демилгелерин кубаттап, адамдын, коомдун жана жалпы эле өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүндө маданияттын өэгөчө ордун белгиледи. Өлкөнүн маданий мурастарын сактоонун жана арттыруунун зарылдыгын баса белгилеп, маданият чөйрөсүнө мамлекет тарабынан мындан ары дагы чоң көңүл бурула тургандыгын айтты.

Ошону менен катар Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эриш-аркак мамилелер жылынын алкагында бардык маданий иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru