Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, Төлө Исаков кызматтан кетти
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары — өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде АКИpress агенттигине Исаков өзү билдирди.
Анын айтымында, ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.
«Арыз жаздым, кечээ премьер-министр кол койду. Келечекте мага сунушталган бардык кызматта иштеп, тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын», – деди ал.
Төлө Исаков ушул жылдын 29-январында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган болчу.