народный

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-апрелден 16-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт.

Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru