народный

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат – Кыргызгидромет

 

15-16-апрелде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru