Өмүрбек Бабанов: “Вирус тез таркап, ар бирибизге жетет”

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Бүгүн карантиндин тартибин катуу сактайлы! Көчөгө чыкпаңыздар, үйдө болуңуздар!

Эгерде өзгөчө абалга көңүл бурбай, кажетсиз көчөгө чыга берсеңиздер өзүңүздөрдү эле коркунучка алып келбейсиздер, жакын туугандарыңызга кыйналууларды алып келесиздер! Бул оору эч кимди аябайт, өзгөчө улгайган адамдарга катуу тиет!

Ойлонуңуздар, ата-энелерди сактаңыздар!

Жоопкерчиликти көзгө илбөө бүткүл Кыргызстаныбызга оор зыян алып келет. Ооруканалар толуп, дарыгерлер менен аппараттар жетишпей калганда абалды башкара албай калабыз!

Эгерде карантиндин бардык эрежелерин жана режимин сактап үйдөн чыкпасак, эпидемиологдордун айтымында эки жумада абал жакшырат. Вирус жуккандар аныкталат, анын таркашы токтотулат, андан кийин баарыбыз көчөгө чыгып, иштерибизге жана окууларыбызга кайта алабыз!

Бирок өзүбүздү изоляциялоо бул ар бирибизге тийиш болушу керек!

Эгерде кайсы бир бөлүгүбүз муну бузса, анда натыйжасы жок болот!

Жоопкерчиликтүү жарандарыбызга кайрылам: өз үй-бүлөңүздөргө жоопкер болуңуздар, үйүңүзгө жугуштуу ооруну алып келбеңиздер! Туугандарга катуу көз салыңыздар!

Антпесек карантин узак болот!

Вирус тез таркап, ар бирибизге жетет. Кесепети өтө оор болот!

Эгерде кимдир бирөө бул коронавирус ага же анын үй-бүлөсүнө тийбейт десе, анда ал чоң жаңылышат! Европаны карагылачы, биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсизби? Ошол эле Италияда, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда технологиялар, акча жана сапаттуу медицина бар. Бирок атүгүл алар да азыр шаймандары ооп жатат. Адамдар каза болуп, өлүмдөр прогрессиялык түрдө катуу өсүп жатат…

Башкалардын катасынан сабак алалы, болбосо биз үчүн бул чоң трагедияга айланат.

Эгерде азыр биз өз алдыбызча изоляциянып сактанбасак, мындай стрессте биз өтө узак болобуз. Коңшуларыбыз менен болгон чегараларыбыз ачылбайт, бизнес ишин кайра баштабайт, жумуш болбойт… өзүбүз, жакындарыбыз катуу кыйналабыз!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru