народный

Өмүрбекова: Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдүн саны көбөйдү. Кыргызстанда обсервацияда 321 киши жатат

Кыргызстанда 14 күндүк обсервацияда 321 киши жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал мурда коронавирус чыккан өлкөлөр үч категорияга бөлүнсө, эми алар эки категорияга ажыратылганын билдирди. Ал белгилегендей, биринчи категорияга кирген мамлекеттен келгендер 14 күндүк обсервацияга алынат.

“Учурда обсервацияда 321 киши жатат. Экинчи жана үчүнчү категорияга киргендер үй карантининде болуп, алар айылынын же шаарынан чыга албайт. Эми бизде мамлекеттер эки категорияга бөлүнөт. Биринчи категорияга кирген мамлекеттердин саны көбөйдү. Ал тизмеге коронавирусту 1 миң адам жуктурган учурлары бар өлкөлөр кирет. Алардын катарында Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, АКШ, Швейцария, Голландия, Белгия, Франция, Англия бар”, – деди ал.

Аны менен бирге ал чет өлкө жарандарына чектөө киргизилсе, жүк ташуучу унааларга чектөө болбой тургандыгын айтып өттү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru