Өмүрдү кыскарта турчу азыктар аталды

Ден соолукка бычак деген азыктардын арасында куурулган тамак, ичимдик, кызыл эт бар. Булар кайсы ооруну чакырары да айтылган.

Майо клиникасынын адистери өмүрдү кыскарта турган беш азыкты атады. Алардын тизмеси РИА Новостиге  жарыяланды.

Диетолог Кэтрин Зератскинин айтымында, биринчи кезекте кайра иштетилген тамактардан баш тартуу керек. Ушул эле борбордун адиси Лиза Торборг күнүмдүк рациондон кызыл этти кыскартуу зарылдыгына токтолгон.

Изилдөөлөрдүн биринде кызыл этти тынбай колдонуу жүрөк-кан тамыр оорулары, онкология, анын ичинде жоон ичеги рагына алып келиши мүмкүн экени аныкталган. Сосиска, хотдог, ветчинада туз менен май көп”, — деген Торбор.

Майо клиникасынын кардиологу Стефен Копецки куурулган тамак диабеттин экинчи түрү менен жүрөк оорусун чакырарын эскерткен. Ошондой эле курамында кумшекери көп азыкты да азыраак колдонуу сунушталган.

Соңунда дарыгерлер ичимдиктен таптакыр эле баш тартууга чакырышкан. Алардын айтымында, бир эле бокал ичимдик онкология, маселен, ашказан рагына алып келиши ыктымал. Мындан сырткары, ичимдик панкреатит оорусун да пайда кылышы толук мүмкүн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru