Өсүмдүктөр фотосинтез жүргүзө албай, климат критикалык өзгөрүүгө жакындап барат

Жер планетасында өсүмдүктөр фотосинтездөө жөндөмүн жоготуу коркунучуна жакындап барат.  Мындан улам биосфера ашыкча көмүртекти сиңире албай, климаттын кескин өзгөрушү күтүлүүдө.

Бул тууралуу, АКШнын Аризона штатындагы Вудвелла климатты изилдөө  Университети Жаңы-Зелендиянын Вайкато Университети менен биргеликте изилдеп чыкканын Science Advance журналы жарыяланган.

Илимде белгилүү болгондой, өсүмдүктөр фотосинтездей албай калса, бул химиялык процесс жандуунун баарына терс таасирин берет. 

Эксперттер дүйнө жүзүндөгү акыркы 20 жыл ичиндеги  бардык өлчөө каражаттарынын маалыматтарын изилдешкен. Натыйжада, алар температуранын критикалык белгисин түзүштү, андан тышкары, өсүмдүктөрдүн атмосфералык көмүртекти сиңирүү жөндөмү төмөндөп жатканы байкалган.

“Фотосинтез процесси өзүнүн температура чегине ээ, андан кийин анын эффективдүүлүгү кескин төмөндөйт. Өсүмдүктөр үчүн көмүртекти сиңирүү чеги + 18 ° Сден + 28 ° Сга чейин. Жылдан жылга жердин температурасы чекгинен ашыкча ысып, критикалык абалга жакындап барат”- дешет изилдөөчүлөр.

Учурда мындай өзгөрүү жер планеталык биосферанын 10% гана түзөт. Изилдөөгө ылайык алар көмүр кычкыл газын чыгарганга караганда көбүрөөк кычкылтек сиңирип жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.