народный

Өспүрүмдөр балдар үйүндө кандай шартта жашашат

Интернат мекемелериндеги жашоо шарттары балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдуу стандарттарга жооп бербейт. Бул тууралуу жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тарбия алуусу боюнча ондогон балдар үйүндө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгындагы отчетто айтылды.

«Текшерүү учурунда медициналык кызматкерлер имараттар суук, нымдуу жана жылуу суу жок экендигин ошондой эле балдар көчөдөгү дааратканага бараарын белгилешти. Көпчүлүгүнө жеке буюмдар жетишпейт, оюнчуктары бар, бирок алар жаш стандарттарына жооп бербейт”, – деди Балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова 24.kg маалымат агенттигине.
Отчетто ошондой эле Панфилов райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Панфилов мектеп-интернатын текшерген эмес, анткени анын администрациясы адистерди интернатка киргизбей койду.

Көптөгөн балдар мекемелеринде коронавирус пандемиясы учурунда балдардын саны азайган, себеби аларды ата-энелери же туугандары үйүнө алып кетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru