Өткөн жылы 220 млрд сомдук өнүм өндүрүлдү, анын ичинде 104 млрд сому мал чарба тармагына таандык

Ушу тапта Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканалары бар, 3 миңден ашуун фермерлер бар. Ошондон улам, айыл чараба өнүмдөрүнүн 97 пайызы жеке чарабаларга таандык. Бул тууралуу айыл чарба министри Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүү көлөмү өсүп жатканы, айдоо жерлерди пайдалануу мурдагыга караганда жакшырып баратканы байкалды. Айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында кыйла өсүш бар. Ошентип, өткөн жылы 220 млрд сомдук айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлдү, анын ичинде 104 млрд сому мал чарба тармагына таандык», – деди министр.

Тармактык комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков министрди өткөн жылдын жыйынтыгы эмес, ушул жылдагы даярдыктардын жүрүшүнө жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө чакырды.

Ал эми депутат Алмасбек Акматов өткөн жылы Айыл чарба министрлигинен эки ири департамент өзүнчө бөлүнүп кеткенин, анын натыйжасында бюджети кыйла кыскарганын министрдин эсине салды. «Сиз буга чейин кошумча каражат сурагансыз, ал маселе комитетте да каралган. Аны эмне кыласыз?», – деди ал.

Министр эки агенттик бөлүнүп кеткенден кийин министрликтин штаттык бирдиги 642 адамга чейин кыскарганын, азыр анын курамында 6 департамент, 2 изилдөө институту, 2 илимий борбор калганын билдирди. «Мурда Айыл чарба министрлигинин бюджети 1 млрд сомдон ашык каражат болчу, азыр 414 млн сомду түзүп калды. Ошондон улам, Каржы министрлигинен кошумча 286 млн сом сураганбыз, азырынча чечиле элек», – деди Эркинбек Чодуев.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru