Өткөн жылы 44 эне төрөттөн каза болгон
2019-жылы 44 эне төрөттөн каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Ал эми 2018-жылы төрөттөн 52 эне каза болгон.
“Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 8,6%га түшкөнү менен ал көрсөткүч биз үчүн чоң бойдон калууда. Биз энелердин өлүмүн болтурбашыбыз керек”, – деди Мадамин Каратаев.
.