Өткөн жылы IT тармагы 21 млрддан ашуун салык төлөгөн

2020-жылы Кыргызстанда IT тармагынын өкүлдөрү 21-млрд сомдон ашуун киреше салыгын төлөгөн. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 15%га көп.

Мындан сырткары, IT тармагындагы ишкерлер 17 млрд сомго жакын каражатты социалдык чегерүүлөргө төлөгөндүгү премьер-министр Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда маалым болду.

Жолугушууда IT-бизнестин өкүлдөрү өздүрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Алар  “мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашырылбастан калууда”-дешти.

Ал эми Өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө, андан соң баскычтуу түрдө башка актуалдуу маселелерди чечүү убадасын берди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.