Өтпөй калган партиялар биригип радикал оппозиция боло алабы? Саясат таанычуулардын жообу

Өлкөдө 28-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Ал эми 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон “Ата Мекен”, “Реформа”, “Социал-демократтар”, “Азаттык”, “Улуттар биримдиги” партияларынын лидерлери фальсификациядан улам добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришкен. Саясатчылар адилет кайра шайлоону жана министрлер кабинетинин отставкасын талап кылышууда.

Андыктан “Коом пресс” сайты шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан партиялар биригеби деген суроонун айланасында бир катар саясат таануучулардын пикирин билүүгө аракет кылды.

Төңкөрүш уюштуруп, бийликти басып алууну көздөгөн бир дагы радикал оппозиция болгон эмес биздин тарыхта. Партиялар эмес, башка саясий күчтөр андай кадамга барышы мүмкүн. 2020-жылдагы шайлоодо өтпөй калган партиялар шайлоону жокко чыгарып, кайра башка шайлоо өткөрүлсүн деген талапты коюшкан. Бирок андан аркы чекке өтүшкөн эмес. Бирок ушул кырдаалды пайдаланып, башка саясий күчтөр революция жасашып, бийликти алмаштырышканы маалым.

Азыркы учурда деле бул жолу өтпөй калган партиялар шайлоону тааныбай, кайра өткөрүлсүн дешкени менен андай радикал оппозиция боло алышпайт. Баардыгы мыйзам түрүндө гана чечилет деген жеке пикирим.”-деп саясат таануучу Алмаз Тажыбай өз пикирин билдирди.

Ал эми өз кезегинде саясат таануучу Чолпонбек Сыдыкбаев азыркы партиялардын биригип күчтүү оппозиция болуп кетишине ишениш кыйын экенин айтып өттү.

Бизде жеңилүү ызасын тарткан партиялар оппозицияга биригет. Соңку тарыхка көз чаптырсак дайыма ушундай болуп келген. Бирок бийликке келгенден соң туш-тарапка басып кетүү бизде көнүмүш адат. Мындайча айтканда идеялык биримдик жок. Коомду мобилизациялап, жол көрсөтүп кете турган саясий күчтү көрө албай турам. Арасынанан албетте бар, бирок шайлоонун натыйжасында биригип чыга калганы, тескерисинче элге терс таасирин тийгизет.”

Оппозициялык күч болуп биригиш үчүн бир гана нааразычылыктар эмес, баалуулуктар дагы болушу керек деп жарандык активист Атай Бейшенбек уулу эсептейт.

Азыркы учурда коомчулук кимдин-ким экенин баамдап калган. Булар бир максаттын, прициптин айланасында бир күч болуп, радикалдык оппозиция болуп чыгышына ишенич жок. Анткени аларда, азыркы тапта бир эле шайлоо деген кызыкчылык болуп жатат. Ал эми адилеттүүлүк, акыйкаттык деген баалуулуктар алардын принциптерине жатпайт.”

Эскерте кетсек, БШКнын алдын-ала жыйынтыгы боюнча 6 партия Жогорку Кеңешке өтмөй болду.

Азырынча “Ынтымак” (13,30%), “Ата-Журт Кыргызстан” (12,87%), “Ишеним” (11,22%), “Ыйман нуру” (7,32%), “Эл үмүтү” (6,98) жана “Альянс” (6,20%) партиялары алдыда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru