Өзүн Афганистандын президенти деп жарыялаган Салехтин агасын “Талибандар” өлтүрдү

“Талибан” аскерлери өзүн Афганистандын президенти деп жарыялаган Амрулла Салехтин агасы Рохулла Салехти туткунга алып, андан соң өлтүрүшкөн. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Талибан” кыймылынын аскерлери Афганистандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салехтин бир тууган агасы Рохулла Салехти өлтүрүшкөн. Бул тууралуу Панжшер провинциясынын тургуну да “РИА Новостиге” Рохулла Салехтин бир канча күн мурун салгылашта каза болгонун айткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru