Өз кызын зордуктап жүргөн жаран 15 жылга кесилди

Жумгал райондук соту өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен кармалган 54 жаштагы тургунду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу райондук соттон “Азаттыкка” тастыкташкан.

Ал 15 жылга соттолуп, аталык укуктан ажыратылган.

2021-жылдын сентябрь айында Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну 1967-жылы туулган С.Т. узак мезгилден бери өзүнүн кызы 2008-жылы туулган Т.Рны мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөн. Буга чейин ал  2010-жылы абакка кесилген. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы пробацияга илинип, эркиндикке чыккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru