Өзбекстанда бир үй-бүлө газга ууланып, 3 адам каза болду
Өзбекстанда газга ууланып, атасы,апасы жана баласы окуя болгон жерде каза болуп, дагы эки бала ооруканага жаткырылды.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 20-февралда көмүр кычкыл газынын агып кетишинин натыйжасында Хорезм облусунун Шават районунда жашаган беш адамдан турган үй-бүлө ууланган.
Уулануунун натыйжасында үй-бүлө башчысы, аялы жана алардын баласы окуя болгон жерде көз жумган. Дагы эки бала катуу ууланып, ооруканага жаткырылды.
Ишти прокуратура тергеп жатат.