Өзбекстанда коронавирус дагы 3 адамда аныкталды

Өзбекстанда коронавирус дагы үч адамда аныкталып, коронавирус жуктургандардын саны төрт адамга жетти. Бул тууралуу  Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматын, жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус жуктурган биринчи учур кечээ, 15-март күнү аныкталган. Ал жарандын уулу менен кызынан да анализ алынып, анын жыйынтыгы аларда оору бар экенин көрсөткөн.

Ооруну жуктурган төртүнчү учур кечээ, 15-март күнү 05:15те Стамбулдан Ташкентке учуп келген жарандан аныкталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru